МИК «Керемет Банк» менен ипотекалык турак жай үчүн кошумча макулдашууга кол койду

МИК «Керемет Банк» менен ипотекалык турак жай үчүн кошумча макулдашууга кол койду

«Керемет Банк» ААК «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК менен биргеликте Мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууда кызматташуу боюнча Башкы келишимге жана Кошумча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, «Керемет Банк» ААК курулуш компанияларынын арасында аккредитация өткөрүп, жыйынтыгында «Фаворит Строй Групп» тандалган. Макулдашуунун алкагында «Фаворит Строй Групп» Анкара 44 дареги боюнча Бишкектеги «Түндүк» турак-жай комплексинде 108-сериядагы 55 батирди курууну пландап жатат.

«Жеткиликтүү ипотека» программасынын катышуучулары үчүн курулуп жаткан турак-жай үчүн насыялар жеткиликтүү. Насыянын шарттары: 25 жылга чейинкинин жылдык пайызы 8%, баштапкы төлөм турак-жайдын баасынын 20%дан кем эмес бөлүгү”, – деп айтылат маалыматта.

Толук маалымат алуу үчүн “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча артыкчылыктуу тизмеде турган турак жай программасынын катышуучулары “Керемет Банкка” кайрылса болот. 2022-жылдын апрелинен тартып аталган банк мамлекеттик турак жай программалары боюнча МИК менен кызматташып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды

Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды

Улуттук банк мыйзам талаптарын жана өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бузган жарандарга карата таасир этүүчү чараларды көрдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун төрт тургунуна жана Жалал-Абад облусунун эки тургунуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда лицензиясы жок

Касымалиев: F1 H2O чемпионаты Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Касымалиев: F1 H2O чемпионаты Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Күн мурун Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кыргызстан – Ысык-Көл 2026" UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын салтанаттуу жабылыш аземине катышты. Ал өз сөзүндө мелдештин жүрүшүндө Ысык-Көл дүйнөнүн мыкты спортчуларын жана суудагы эң ылдам жарыш кайыктарын кабыл алганын белгилеп, Кыргызстан ири эл аралык спорттук

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун кыргыз тилкесинде жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрлер тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инженердик курулмалардын курулушун көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштерге баа

Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2-августтан тартып эстакадалык көпүрө куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу курулуш-монтаж иштеринин биринчи этабынын алкагында 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чектөө жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо, ошонлой эле курулуш-монтаж