2022-жылы Кыргызстандан Түркияга 185 млн доллар которулган - бул рекорддук көрсөткүч

Улуттук банктын отчетуна ылайык, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Түркияга 185 млн доллар которулган. Ал эми өткөн жылы болсо ушул мезгилде бул өлкөгө акча которуулар болгону 7.5 млн долларды түзгөн болчу.

Баарынан да отчеттук мезгилде эң көп акча Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн — 2021-жылы 483 млн доллар которулган болсо, 2022-жылы ал 860 млн долларга жеткен.

Жалпысынан Кыргызстандан 1 млрд доллардан ашык акча которулса, кайра өлкөгө 2.7 млрд доллардан ашык каражат келген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди