Өлкө аймагында жер титиреди
Кыргызстандын аймагында 19-ноябрда саат 11:56 чамасында очогунда 3,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, анын очогу Ош шаарынан 129 километр түштүк-батышта жайгашкан.
Жер силкинүү Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу