Акылбек Жапаровго Сокулуктагы мал базардын абалы жакпады - аким жумуштан кетет

Акылбек Жапаровго Сокулуктагы мал базардын абалы жакпады - аким жумуштан кетет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарындагы мал базарларынын абалы боюнча видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ Жапаров Сокулуктагы мал базарга барып, резина өтүк кийип алып, ал жерди кыдырган болчу.

Жыйындын жүрүшүндө ал президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин сынга алып, Сокулук районундагы мал базардын абалы канааттандырарлык эмес экендигин белгиледи.

«Сокулук районундагы мал базарда болдум, анда сатуучуларга да, сатып алуучуларга да жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Президентке Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошотуу, ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоо тууралуу сунуш киргизем», – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле бир жыл мурун эле бардык мал базарлар иретке келтирилиши тийиш болгонун кошумчалады.

«Жаныңарга резина өтүк алып, дем алыш күндөрү мал базарларды кыдырып чыгыңыздар. Республиканын тургундарынын жарымынан көбү мал чарбачылыгы менен алектенет. Алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бериңиздер. Тийиштүү чара көрүп, жыйынтыгын элге көрсөтүңүздөр, сиздердин кандай иштеп жаткандыгыңыздарды ар бир адам көрсүн», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң Жапаровго Сокулук районунун мал базарын иретке келтирүү боюнча иштердин жүрүшү көрсөтүлдү, учурда соода жүргүзүлүүчү аянтты тегиздөө иштери жүрүүдө жана шагыл-кум аралашмасы төшөлүп жатат.

«Бул иш өткөн жылы жасалышы тийиш эле. Болгону маселени көзөмөлгө алуу керек болчу. Мындай иш болбойт. Бул облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнө акыркы эскертүү», – деп жыйынтыктады Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кадамжай районунда "Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрүнүн (инвесторлордун) катышуусунда жергиликтүү жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушууда компания өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өнөр жай жана коммерциялык

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

2-августта Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын имаратында капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан ашкананын жана машыгуу залынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана тиешелүү ыкчам кызматтар дароо келишкен. Өрт саат 17:54тө чектөөгө

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында 3-августта саат 05:35те күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 88 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,