МЖӨ борбору менен биргеликте «Ош» аэропортунда карго терминал куруу каралууда

МЖӨ борбору менен биргеликте «Ош» аэропортунда карго терминал куруу каралууда

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэродромдогу учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору Бекзат Алимов “Биринчи радиого” Ош аэропортун жакынкы эки жылда ремонттон өткөрүү маселеси каралып жатканын билдирди

Анын айтымында, аталган аэропортту оңдоп-түзөө иштери Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен бирге аткарылмакчы.

“Ош” аэропортун өнүктүрүү максатында МЖӨ менен чогуу жаңы учуп-конуу тилкесин куруу, эки тараптан жарыктандыруу, карго терминалын куруу, аэровокзалды кеңейтүү каралууда”, – деди ал.

Ошондой эле кыргыз авиациясынын кыскача тарыхына да токтолду.

“Кыргызстандагы аэропорттордун тарыхы тууралуу айта турган болсок, биринчи жолу 1927-жолу биринчи учак келип конгон. Ал кезде так бир аэропорт же аэродром болгон эмес. 1933-жылы биринчи биздин учактар учуп чыккан. Ошентип кыргыз авиациясынын тарыхы башталган. Азыркы учурда бизде катталган 12 аэропорт бар. Алардын ичинен он бири иштеп жатат. Анын ичинен Талас аэропорту учактарды кабыл ала албайт”, – дейт Алимов.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын