Улуттук энергохолдинг суук күндөрү жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Улуттук энергохолдинг суук күндөрү жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Аба ырайынын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Анда Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, авариялык кырдаалдардан сактануу үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

“Республика боюнча энергетиктер ГЭСтерде, көмөк чордондордо жабдуулардын коопсуз иштешин камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдарды болтурбоо үчүн күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Өлкөнүн бардык аймактарында абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу оперативдүү персоналдын нөөмөтү күчөтүлгөн тартипте ишин алып барууда. Зарыл болгон авариялык материалдардын запасы даярдалып, Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилди. Бул чаралардын баары электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоого багытталган”, – деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда энергетика ишканалары кечинде (саат 18.00дөн 21.00гө чейин) жана эртең менен (саат 7.00дөн 10.00гө чейин) керектөөнүн максималдуу учурунда электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана жылтуунун альтернативдүү булактарына (газ, көмүр) өтүүнүн зарылчылыгы тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кадамжай районунда "Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрүнүн (инвесторлордун) катышуусунда жергиликтүү жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушууда компания өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өнөр жай жана коммерциялык

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

2-августта Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын имаратында капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан ашкананын жана машыгуу залынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана тиешелүү ыкчам кызматтар дароо келишкен. Өрт саат 17:54тө чектөөгө

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында 3-августта саат 05:35те күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 88 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,