Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат - бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн

Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат - бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн

Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат, бирок аэропортту шаардын тышына көчүрүү маселеси да каралып жаткандыктан, минкабдын тиешелүү чечими кабыл алынып калса, ремонтко чейин которулушу да мүмкүн.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэродромдогу учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору Бекзат Алимовдун билдиргенине караганда, Жалал-Абад аэропорту быйыл толук оңдоп-түзөөдөн өтүш керек. Буга байланыштуу аэропорт 3-6 айга убактылуу жабылышы күтүлүүдө.

“Жалал-Абад аэропорту 1975-жылы ишке кирген. Азыркы учурда ички каттамдар жасалат, жумасына 9 каттамга чейин аткарылат. Аэровокзал реконструкциядан өткөн, бирок учуп-конуу тилкеси эски абалда турат. 2023-жылы кезектеги капиталдык ремонттон өтүш керек. Ремонтту бат эле бүтүрүп койсо деле болот, бирок асфальт заводдору белгилүү бир көлөмдө гана чыгара алышат, учуп-конуу тилкеси чоң болгон үчүн көп каражат керектелет. 3-6 айдын ортосунда бүтөт деген пландар бар”, – деди ал.

Бирок Алимов аэропортту ремонтко берүүгө “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын чечими керектигин, анткени финансылык каражат талап кылынарын да белгиледи.

“Учурда Жалал-Абад аэропортунун ордун которуу – шаардын четине чыгаруу дагы каралууда. Анткени аэропорттун жанына коммуникация келгендиктен, элдер дагы анын тегерегине үйлөрдү куруп алышкан. Андыктан тургундарга ызы-чуу болбосун деп которуу маселеси каралып жатат, бирок так чечим кабыл алына элек.

Аэропортту курууга 4 жер тилкеси баалоого берилген. Алардын экөө жараксыз деп табылган. Эми өкмөт чечим кабыл алышы керек. Бизде бардык аэропорттор А жана Б категориясындагы стратегиялык объекттер. Ал тууралуу мыйзамга ылайык, алардын иштеши же токтошу боюнча чечимди бир гана өкмөт кабыл алат”, – дейт Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэродромдогу учуулардын кооспуздугун жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору.

Ошондой эле Алимов аэропортту көчүрүү боюнча чечим кабыл алынып калса, ремонт жүргүзүлбөй туруп көчүрүлүшү мүмкүн экендигин да кошумчалады.


Кошумча окуңуз:

Жалал-Абад аэропортун көчүрүү каралууда — долбоор даярдалып, жер бөлүнүп, инвесторлорго көрсөтүлдү

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын