Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жарандардын 366 кредити жоюлду

Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жарандардын 366 кредити жоюлду

Улуттук банк 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан жарандардын кредиттерин жоюу жана реструктуризациялоо боюнча коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын иштерине мониторинг жүргүзгөнүн билдирди.

Регулятордун берген маалыматына таянсак, 2022-жылдын 30-декабрына карата абал боюнча ФКУга 514 карыз алуучу кайрылган, 31 млн 480 миң сом суммасында 366 кредит жоюлган, 63 млн 683 миң сом суммасында 224 кредит реструктуризацияланган. 

Эскерте кетсек, Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрында «КРнын Улуттук банкынын Баткен облусундагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алган.

Анда комбанктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен облусунда жашаган жана/же ишкердик жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алуу боюнча арыздарын артыкчылыктуу тартипте кароо, ошондой эле алардын кредиттерди/кепилдиктерди берүү боюнча ички жол-жоболорун карап чыгуу сунушталган.  

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын