Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат
Жаратылыш министрлигине караштуу Токой кызматынын Тоскоол-Ата токой чарбасында токой фондунун жерлерин коргоону күчөтүү максатында 100 гектар аянтты тосуу иштери башталды.
Мекемеден учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.
Долбоордун алкагында Тоскоол-Ата токой чарбасынын Голмүн токой бөлүмүнө караштуу тилкелердин биринде жалпы аянты 100 гектарды түзгөн жер тилкеси тосулат.
Аталган иш-чара токой фондунун аймактарын мыйзамсыз жана көзөмөлсүз пайдалануунун алдын алууга, малдын башаламан жайылышын чектөөгө, жашыл өсүмдүктөрдүн жана токой ресурстарынын сакталышына шарт түзөт.
Белгилей кетсек, Тоскоол-Ата токой чарбасы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан. Ал 1997-жылы уюшулган.
Токойдун аймагында жаңгак-мөмө жана башка дарак-бадал түрлөрүнөн турган табигый жана адамдын таасири менен калыптанган токойлор кездешет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу