Эми кыргызстандыктар аралыктан иштеп, электрондук эмгек келишимин түзө алышат

Эми кыргызстандыктар аралыктан иштеп, электрондук эмгек келишимин түзө алышат

Бүгүн КРнын Эмгек кодексинде аралыктан иштөө жана электрондук эмгек келишимин түзүү түшүнүктөрүн караган өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлү Жанабиль Давлетбаев билдирди.

Бул өзгөртүүлөргө ылайык, кодекс өзгөчө кырдаалдар учурунда жумушчуларды жалдоону жана кыймылы чектелген адамдардын, үйдөн иштеген жумушчулардын, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарын, фрилансерлердин толук кандуу иштөөсү үчүн жумушка орношуусун, электрондук эмгек келишимин түзүүсүн карайт. Ошондой эле алардын Эмгек кодексинде каралган эмгекти коргоонун бардык стандарттарын, коргоо кепилдиктерин алуусун жөнөкөйлөштүрөт.

“Бул эмгек келишими тараптардын эмгек шарттарын аныктоодо көбүрөөк эркиндикти, өздөрүнүн техникасын пайдалангандыгы үчүн компенсацияларды жана ушул сыяктуу маселелерди карайт. Бул маселени биз дээрлик 2019-жылдан бери ар кайсы аянтчаларда көтөрүп келгенбиз. Эмгек министрлиги акыры бизди укту”, – дейт Давлетбаев.

Белгилей кетсек, «КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору алыстан (аралыктан) жумушту аткарган кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын