Кыргызстанда патенттин 22 түрү кыскартылды - февраль айынан баштап 34 түрү калат

Кыргызстанда патенттин 22 түрү кыскартылды - февраль айынан баштап 34 түрү калат

Министрлер кабинети патенттин 22 түрүн кыскартып, 34үн гана калтырды. Аталган токтом 2022-жылдын декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр февраль айынан тарта күчүнө кирет. Өзгөртүүлөрдүн ичинде аянты 30 чарчы метр болгон соода түйүндөрү бирдиктүү салык ставкаларына өтөөрүн белгилеп кетүүгө болот. Маселен, дүкөндөрдөн тышкаркы чекене соода жайларынын салыктык чени айына 5 миң сомго чейин жогорулаган.

Турак-жайларды ижарага берген менчик ээлери үчүн адилеттүү тариф кабыл алынган. Мурда батирди ижарага бергенде бир бөлмөгө 1.5 миң сом төлөш керек болсо, азыр турак жай аянты үчүн 30 сомдон 50 сомго чейин эсептөө жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, ишкерлер өз ишмердүүлүгүндө ККMди колдонууга милдеттүү. Бирок 1-апрелге чейин аянты 10 чарчы метр болгон соода түйүндөрү аны колдонуудан бошотулду. Ал эми таксисттер менен курьерлер жылдын аягына чейин ККМди колдонуудан бошотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын