Россияда 144 кыргызстандык мигрант айлык маянасын ала албай калышкан - 31 млн рубль

Россияда 144 кыргызстандык мигрант  айлык маянасын ала албай калышкан - 31 млн рубль

Россияда 144 кыргызстандык мигрант айлык маянасын ала албай, өкүлчүлүккө кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Жыйында депутат Камила Талиева Россиядагы кыргызстандык мигрант иш берүүчү менен эмгек келишими болгонуна карабастан, үч жылдан бери 3 млн рубль айлык акысын ала албай жүргөнүн, ТИМ, элчилик укуктук эч кандай жардам көрсөтпөгөнүн айтып, министрге кайрылды.

“Ал мигрантыбыз Москва шаардык сотунан да утуп алыптыр, бирок айлык акысын дагы деле ала албай жүрөт экен. Эмне үчүн элчилик ушундай көйгөйлөргө реакция кылбайт? Мамлекет иш таап бере албагандан кийин эмнеге жок дегенде, мигранттарыбыздын укугун коргоп бербейт?” – деди ал.

Министр учурда ушундай кайрылгандардын көйгөйүнүн үстүнөн иштеп жатышканын билдирди.

“Бүгүнкү күндө биздин өкүлчүлүккө 144 жаран кайрылган. Айлыгын ала албай калгандардын акчасынын көлөмү 34 млн рублга чыккан болчу, биз 2.8 млн рублин алып бердик”, – деди Базарбаев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын