Өзбекстан шамал станциясын курууга жабдууларын Кытайдан Кыргызстан аркылуу алып өтүүдө

Өзбекстан шамал станциясын курууга жабдууларын Кытайдан Кыргызстан аркылуу алып өтүүдө

Өзбекстан шамал станциясын куруу үчүн турбиналарын Кытайдан Зарафшанга (Өзбекстандын Навои облусундагы шаар) Кыргызстан аркылуу алып өтөт. Бул тууралуу China Daily билдирди.

Жабдуулар Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы Кашкарга чейин темир жол менен келген. Ал жерден контейнерлер авточиркегичтерге жүктөлүп, Эркечтам аркылуу Кыргызстандын чек арасын кесип, Өзбекстанга өтүшөт.

“Көбүнчө Кытайдан Өзбекстанга товарлар Казакстандын Хоргос шаарындагы логистикалык борбор аркылуу ташылат. Кыргызстан аркылуу жаңы каттам жолду 500 чакырымга кыскартып, жеткирүүнү 3-5 күнгө тездетет”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, октябрь айында Masdar менен Кытайдын Goldwind компаниясы Зарафшандагы 500 МВт шамал станциясы үчүн 111 турбинаны жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан. Салмагы 260 тонна болгон жүк 3.5 млн кытай юанына (515 миң АКШ доллары) бааланган.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын