Финансы министрлиги 1.6 млрд сомдук МКОну аукционго чыгарат

Финансы министрлиги 1.6 млрд сомдук МКОну аукционго чыгарат

Январь айында Финансы министрлиги 1.6 млрд сом өлчөмүндөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырмакчы. Аукциондун расписаниеси Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Эртең 13-январда 5% кирешелүүлүгү менен 350 млн сомго 3 жылдык МКОнун аукциону өткөрүлөт. 20-январда жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон 800 млн сомдук МКО жайгаштырылышы күтүлүүдө. Кирешелүүлүгү 8% болот.

27-январда болсо жүгүртүү мөөнөтү беш жыл болгон 350 млн сомдук МКОну жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Ошондой эле 120 млн сомдук векселдер да жайгаштырылып, баалуу кагаздардын мөөнөтү бир жыл болот.


Мамлекеттик казына облигациялары (МКО) – КРнын өкмөтүнүн пайыздык кирешеси (купону) жана жүгүртүү мөөнөтү 1 жылдан ашкан мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздары.

1 МКОнун номиналдык наркы жана чыгарылыш параметрлери МКОлорду чыгарган учурда эмитент тарабынан аныкталат. МКО документтерде чагылдыруу жана чагылдыруусуз түрдө чыгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын