КРнын транспорттук компаниялары Россиянын жүк ташуу рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат

КРнын транспорттук компаниялары Россиянын жүк ташуу рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн логистикалык компанияларына Россиянын ичиндеги пункттар арасында жүк ташууга уруксат берилди. Документке Россиянын президенти Владимир Путин кол койгонун ТАСС билдирди.

Берилген маалыматка караганда, транспорттук компаниялар жүк ташуу менен гана алектене алат, жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынган.

Нормалар экономикалык интеграцияны тереңдетүү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун этап-этабы менен калыптандырууга багытталган.

Мыйзам 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Париждеги WOAH жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Париждеги WOAH жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

18-22-май күндөрү Кыргызстандын делегациясы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясына катышты. Кыргыз делегациясын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жетектеди. Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 183

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манас шаарындагы Регионалдык олимпиадалык резерв мектебин реконструкциялоо иштеринде коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө жана кошумча инфраструктураларды курууда мамлекетке 7 млн 288 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңы заманбап спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, элдин саламаттыгы жана билимдүүлүгү мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы спорт комплекси айыл жаштарына спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуу өткөрдү. Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик