Мэрия «Орто-Сай» базарындагы ижарачылар менен түзмө-түз келишим түзөт

Мэрия «Орто-Сай» базарындагы ижарачылар менен түзмө-түз келишим түзөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти «Орто-Сай» соода-базар комплексинин аймагындагы жер тилкесин башка ижарачыга берүүнү көздөөдө. Себеби, 2016-жылы тендерден ижарага утуп алган «Карасай Сервис ЛТД» ЖЧК өзүнүн милдеттенмелерин аткарган эмес.

Мэрия «Орто-Сай» соода-базар комплексинин аймагындагы ички жана тышкы павильон («Жашыл базар») муниципалдык менчик болуп саналарын белгиледи. Ал жерди жети жыл мурда тендердин негизинде алган «Карасай Сервис ЛТД» ЖЧК сынактын шартына ылайык, ижарага алынган аянттын аймагын жакшыртууга 20 млн сом жумшашы керек болчу.

“Ижара келишиминин шарттары аткарылбагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти муниципалдык менчикти берүү боюнча комиссиянын кароосуна ижара келишимин бир тараптуу бузуу жөнүндө маселени койду.

«Карасай Сервис ЛТД» ЖЧКсы менен Комиссиянын чечими менен ижара келишими токтотулган. Борбор калаанын мэриясы келечекте үчүнчү жактардан, ортомчулардан арылуу үчүн ал жерде иштеген сатуучулар менен түздөн-түз келишим түзөт”, – дейт мэрия.

Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Орто-Сай соода-базар комплексинин аймагында жайгашкан ички жана тышкы павильондун («Жашыл базар») ижарачылары менен жолугушуп, алардын ар бири менен жекече ижара келишимин түзүү маселесин талкуулады.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын