Виктор Вецел КРдагы Германия эл аралык кызматташтык коомунун директору болуп дайындалды

Виктор Вецел КРдагы Германия эл аралык кызматташтык коомунун директору болуп дайындалды

Виктор Вецел (сүрөттө оң тарапта) 1-январдан баштап Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өлкө боюнча директорунун милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Белгилей кетсек, 170тен ашык кызматкерлери бар GIZ Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туруктуу экономикалык өнүгүү жаатындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет.

“Вецел мырзага жаңы ишинде ийгилик каалайбыз!” – дейт элчиликтин өкүлдөрү.

Мындан тышкары окуңуз

Париждеги WOAH жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Париждеги WOAH жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

18-22-май күндөрү Кыргызстандын делегациясы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясына катышты. Кыргыз делегациясын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жетектеди. Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 183

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манас шаарындагы Регионалдык олимпиадалык резерв мектебин реконструкциялоо иштеринде коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө жана кошумча инфраструктураларды курууда мамлекетке 7 млн 288 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңы заманбап спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, элдин саламаттыгы жана билимдүүлүгү мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы спорт комплекси айыл жаштарына спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуу өткөрдү. Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик