Финмин 4 млрд сомдук депозит ачат – бардык комбанктар алса болот

Финансы министрлиги эркин бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен коммерциялык банктарда депозит ачууну көздөп, ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Убактылуу бош турган бюджеттик каражаттардын көлөмү 4 млрд сомду түзүп, алар 2023-жылы 11 айга тогуз лотко бөлүнгөн.

Коммерциялык банктар сынакка катышуу үчүн 2023-жылдын 18-январында саат 18:00гө чейин арыз беришсе болот. Арыздар Эркиндик 58-а, Борбордук казыналыктын имараты, 4-кабат, болжолдоо сектору дареги боюнча кабыл алынат. Телефон: 62-59-19, 62-53-13 (3463).

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат