Банкка депозитке акчаны сом менен салган кирешелүүбү же доллар мененби?

Банкка депозитке акчаны сом менен салган кирешелүүбү же доллар мененби?

“Учурда банктарга аманат (депозит) каражаттарын сом менен салган кирешелүүбү же доллар мененби?” деген темада калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоор “Финсабат” өзүнүн чакан материалын чыгарды.

Бүгүнкү күндө улуттук валютадагы (сом) депозиттер боюнча пайыздык чендердин өлчөмү чет өлкөлүк валютага караганда жогору.

Эгерде сиз кыргыз банктарына акчаңызды жылдык 1 жылга сом менен салсаңыз, анда мындай депозиттер боюнча пайыздар 10-16%ды түзөт, ал эми доллар менен пайыздык чен жылына 1.5-4%.

  • Эгерде кардар депозитке 100 миң сом салса, анда киреше жылына орточо 10 – 16 миң сомго чейин болот.
  • Эгерде кардар депозитке 1000 доллар салса, анда ал бир жылда 20 доллардан 40 долларга чейин киреше тапмак (бүгүнкү курс боюнча 87.2 – 3500 сомго чейин).

Тыянак: Ал эми доллардын курсу секирип кетпей, ошол эле абалында калганда, анда пайда мындан да аз болмок. Пайданын айырмасы 10-13 миң сом түзөт. Демек, сом менен депозиттер көбүрөөк пайда алып келет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 200 миң сомго чейинки депозиттер корголот. Акчаны кайтаруу КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан кепилденет. 200 миң сомго чейинки суммага депозиттин өзү эле эмес, анын пайыздары да кирет. Депозиттерди коргоо агенттиги депозиттин суммасын, анын ичинде чегерилген пайыздарды 200 миң сом чегинде төлөөгө кепилдик берет.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын