Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды
Евразия экономикалык брлигинен тышкаркы өлкөлөргө Кыргызстандан жыгач ташып чыгууга 6 айлык чектөө киргизүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбооору коомдук талкууга коюлду.
Маалым болгондой, бул чектөө июнь айында киргизилген тыюунун мөөнөтүн узартууну көздөйт. Учурда ал 19-декабрга чейин күчүндө. Өкмөт долбоор ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген жыгач материалдарын башка мамлекеттерге реэкспорттоого жол бербөөнү максат кыларын белгилейт.
Токмтом долбоорунда чектөө жыгач отунуна (ТЭИ ТН коду 4401), иштелбеген токой материалдарына (ТЭИ ТН коду 4403) жана Узунунан араланган токой материалдарына (ТЭИ ТН коду 4407) тиешелүү экени көрсөтүлгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу