Кара-Балтада ачкадан каза болгон кыздын апасы Россияда болгон - Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант

Кара-Балтада 7 жаштагы кыз аз тамактануудан улам арыктап каза болду. Мындай маалыматты Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашева берди.

Анын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшүп, ал чарчоо жана суусуздануу белгилери менен дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Анын абалы өтө оор болчу. Дарыгерлердин айтымында, кыздын атасы балдарды карабайт, апасы Россияда экен”, – деген башкы дарыгер кыз жети жашта экенине карабай салмагы 12 кг гана болгонун белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант.

Тиешелүү органдар жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, 89 миң 901 баланын ата-энеси эмгек мигранты, анын ичинен 75 миң 457си тышкы мигранттардын балдары (83.9%), 14 миң 444 (16.1%) ички мигранттардын балдары. Иликтөө учурунда 82 бала эч кандай туугандык байланышы жок эле адамдар менен жашаганы аныкталган.

Ошондой эле Кыргызстандын калкынын бештен эки бөлүгү (38%) толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды