КРнын бүт банк системасындагы АКШ долларынын жалпы көлөмү учурда 650 млн долларды түзөт

КРнын бүт банк системасындагы АКШ долларынын жалпы көлөмү учурда 650 млн долларды түзөт

Кыргызстандын банк системасындагы АКШ долларынын жалпы көлөмү бүгүнкү күндө 650 млн АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын доллардын улуттук валютага карата курсу боюнча билдирүүсүндө айтылат.

Улуттук банк айтылган 650 млн АКШ долларынын 40%га жакыны накталай доллар экенин билдирди.

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 2023-жылдын 10-январында Улуттук банк 104.25 млн АКШ долларын сатуу боюнча валюталык интервенция жүргүзгөн. Белгилей кетсек, интервенция ата мекендик коммерциялык банктар арасында накталай эмес формада ишке ашырылган.

Ошол эле кезде бүгүн, 16-январда саат 14:15ке карата доллардын Улуттук банк койгон расмий курсу 85.68 сом. Ал эми Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында 1 долларды сатып алуу курсу – 86.20 сом, сатуу – 87.20 сомдун тегерегинде болууда.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын