Дыйкандар айына сегиз сомдон гана төлөм төлөшөт, бирок пенсияга кеткен чыгым 40%ды түзөт - минкаб

Дыйкандар айына сегиз сомдон гана төлөм төлөшөт, бирок пенсияга кеткен чыгым 40%ды түзөт - минкаб

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Социалдык фондду өнүктүрүү жана калкты пенсиялык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, анда пенсияга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрдү. 

2023-жылдын башында пенсионерлердин саны 740 миңге жакын саналат, жыл сайын алардын саны 40-50 миң адамга көбөйөт.

«Мамлекет бардык жарандарыбызды татыктуу карылык менен камсыз кылууга милдеттүү. Бул биздин конституциялык милдетибиз. Бирок, мисалы, дыйкан чарба мүчөлөрү белгиленген ставкалар боюнча айына орто эсеп менен сегиз гана сомдон төлөм төлөп турган азыркы системанын шартында биз эч качан татыктуу карылыкты камсыз кылуу максатына жете албайбыз.

Айыл чарба кызматкерлеринин төгүмдөрүнүн үлүшү – 0.6%ды, ал эми алардын пенсиясына кеткен чыгымдар 40%ды түзөт. Жеке ишкерлер жана башка категориялар боюнча ушундай эле көрүнүш орун алган. Биз мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун жагымдуулугун жогорулатуу боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизгенбиз. Ошондой эле бардык жарандарга милдеттүү жана ыктыярдуу пенсиялык программалардын так, түшүнүктүү жана натыйжалуу механизмдери жеткиликтүү болуусу үчүн кеңири маалыматтык программаны жүргүзүү зарыл», – деди Жапаров. 

“Эгерде 2022-жылы ассигнация 29.4 млрд сомду түзсө, 2023-жылы Соцфондго бюджеттен түз которуулар 41.4 млрд сомду түздү. Ошону менен бирге, Социалдык фонддун калган басымдуу каражаттары бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөр эсебинен да түзүлөт (2022-жылы – 23 млрд сом, 2023-жылы – 27.6 млрд сом)”, – деп айтылган минкабдын маалыматында бул өлкөдө пенсиялык камсыздандыруунун өнүкпөгөндүгүн көрсөтүп турганы белгиленет.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңы заманбап спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, элдин саламаттыгы жана билимдүүлүгү мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы спорт комплекси айыл жаштарына спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуу өткөрдү. Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик

Татарстан делегациясы Кыргызстандын энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты

Татарстан делегациясы Кыргызстандын энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты

19–21-май күндөрү Татарстан Республикасынын алдыңкы энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келишти. Сапар Кыргызстандын улуттук электр тармагы менен Татарстандын Тармактык компаниясы ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимдин алкагында уюштурулду. Иш сапардын негизги максаты — эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, адистик тажрыйба алмашуу, Кыргызстандын негизги энергетикалык объектилеринин иши менен таанышуу жана Каракол шаарында

Салык кызматы коррупцияга каршы саясатты күчөтүү аракетинде

Салык кызматы коррупцияга каршы саясатты күчөтүү аракетинде

Мамлекеттик салык кызматы коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында коррупциянын алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө. Салык кызмтыныны маалыматына ылайык, салык органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу иштерин күчөтүү максатында, атайын ыйгарым укуктуу өкүл болуп КРнын Башкы прокуратурасынан юстиция майору Акылбек Ахматов дайындалган. Анын ишмердүүлүгү методикалык