Минкабдын алдындагы Архитектура агенттиги жасалма келишим түзүп, бюджеттен 15 млн сомду чыгарып кеткен

Минкабдын алдындагы Архитектура агенттиги жасалма келишим түзүп, бюджеттен 15 млн сомду чыгарып кеткен

Минкабга караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-курулуш департаменти жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма келишимдерди түзүп, республикалык бюджеттен мыйзамсыз 15 млн сом акча каражатын чыгарып кетишкен.

УКМКнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, аталган департамент 2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун аймагындагы орто мектепти курууда тендердик сметага кирбеген жасалма кошумча келишимдерди түзүү жолу менен, республикалык бюджеттен мыйзамсыз 15 млн сом акча каражатты “С.Т.” ЖЧК подрядчы уюмунун пайдасына чыгарып, бирок, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылбаганы аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Турак жай-курулуш департаментинин мурдагы директору А.А., Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Э., Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Д.К. жана подряддык ишкананын директору К.А. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын