Кепилдик фондунун 14% үлүшү сатыкка коюлуп, бирок кардар чыккан жок - ММБФ

Кепилдик фондунун 14% үлүшү сатыкка коюлуп, бирок кардар чыккан жок - ММБФ

Кепилдик фондунун 14% үлүшү сатыкка коюлган, бирок кардар чыккан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Бакировдун айтымында, мамлекеттик 3 актив сатыкка бир канча жолу коюлган.

“Кепилдик фонддун 14%ы коюлган, ал 612 млн сомго бааланган, “Керемет банктын” 0.7% үлүшү, 64 млн сомго бааланган жана “Сарамжал Транс” ЖЧК 100% үлүшү 30 млн сомго бааланып, сатыкка 2-3 жолудан коюлду, бирок кардар чыккан жок”, – деди ал.

Жыйында “2023-2025-жылдарга КРда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу” жана “КРнын Жогорку Кеңешинин мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын