Кыргызстандан экспорттук жүк ташуу 72%га өстү – негизинен Россия багытына

Кыргызстандан экспорттук жүк ташуу 72%га өстү – негизинен Россия багытына

Кыргызстанда 2022-жылы эл аралык экспорттук жүк ташууга болгон суроо-талап өскөнү (+72%) байкалган. Мындай маалыматты эл аралык жүк ташуучу ATI.SU биржасы билдирди.

Биржанын билдиргенине караганда, Кыргызстандан жөнөтүлгөн жүк ташуулар боюнча суроо-талаптардын саны бир жылда 72%га өскөн, ошол эле учурда баалар да (+31%) өскөн. Жылдын биринчи жарымында өтө жакшы көрсөткүчтөр байкалбаганы менен, жайдын ортосунан баштап күчтүү туруктуу өсүш башталган. Эң чоң жылыш биржада июль айында (өтүнмөлөрдүн саны боюнча +189%), август (+239%) жана декабрда (+179%) катталган.

“Негизги суроо-талап дээрлик эки эсеге өсүп, ал Россия багытына болгон. Россия жарым-жартылай батыш импортунун кыскарышын компенсациялады. Россия багытындагы ушундай эле көрүнүш Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалат. Кыргызстандан Беларуска жүк ташуу да бир нече эсеге көбөйгөн. Бирок Казакстанга товар жеткирүү тескерисинче, бир аз кыскарды. Буга чек арадагы кезек күтүүлөр, жыл башындагы кошуна өлкөдө болгон тополоң себеп болушу мүмкүн”, – деп айтылат маалыматта.

Импорттук жана ички трафик боюнча өтө орточо өсүш байкалган. Кыргызстанга товарларды жеткирүү боюнча кайрылуулардын саны 12%га өскөн.

Россиядан Кыргызстанга жүк ташууга болгон суроо-талап 11%га өстү, ошондой эле республикага товарлар Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдан келген. Бирок Түркиядан, ошондой эле Европанын бир катар өлкөлөрүнөн товарларды КРга ташуу бир аз төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуу өткөрдү. Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик

Татарстан делегациясы Кыргызстандын энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты

Татарстан делегациясы Кыргызстандын энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты

19–21-май күндөрү Татарстан Республикасынын алдыңкы энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келишти. Сапар Кыргызстандын улуттук электр тармагы менен Татарстандын Тармактык компаниясы ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимдин алкагында уюштурулду. Иш сапардын негизги максаты — эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, адистик тажрыйба алмашуу, Кыргызстандын негизги энергетикалык объектилеринин иши менен таанышуу жана Каракол шаарында

Салык кызматы коррупцияга каршы саясатты күчөтүү аракетинде

Салык кызматы коррупцияга каршы саясатты күчөтүү аракетинде

Мамлекеттик салык кызматы коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында коррупциянын алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө. Салык кызмтыныны маалыматына ылайык, салык органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу иштерин күчөтүү максатында, атайын ыйгарым укуктуу өкүл болуп КРнын Башкы прокуратурасынан юстиция майору Акылбек Ахматов дайындалган. Анын ишмердүүлүгү методикалык

Кыргызстанда 500гө жакын кен лицензиясы токтотулду жана жокко чыгарылды

Кыргызстанда 500гө жакын кен лицензиясы токтотулду жана жокко чыгарылды

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларды масштабдуу инвентаризациядан өткөрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн алкагында жер казынасын пайдаланууга берилген 1981 колдонуудагы лицензия каралган. Анын жыйынтыгында лицензиялардын жана лицензиялык келишимдердин шарттарын бузган 836 учур аныкталды. Көрүлгөн чаралардын негизинде 500гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулуп