Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат

Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомго кол койду. Документ өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Документке ылайык, финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында КР минкабдын токтому менен чет өлкө валютасын накталай экспорттоого убактылуу тыюу салынат.

  • Резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга – 5 миң доллардан ашык суммадагы чет өлкө валютасын алып чыгууга
  • Кыргызстандын резиденттери жана жарандары – 10 миң доллардан ашык суммада алып чыгууга тыюу салынат.

Ошондой эле документте Кыргызстандын резиденттери жана жарандары тарабынан 10 миң доллардан ашык суммадагы накталай АКШ долларын экспорттогон учурда лимиттен ашкан суммадан 10% өлчөмүндө төлөм алынат деп белгиленген.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңы заманбап спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, элдин саламаттыгы жана билимдүүлүгү мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы спорт комплекси айыл жаштарына спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуу өткөрдү. Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик

Татарстан делегациясы Кыргызстандын энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты

Татарстан делегациясы Кыргызстандын энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты

19–21-май күндөрү Татарстан Республикасынын алдыңкы энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келишти. Сапар Кыргызстандын улуттук электр тармагы менен Татарстандын Тармактык компаниясы ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимдин алкагында уюштурулду. Иш сапардын негизги максаты — эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, адистик тажрыйба алмашуу, Кыргызстандын негизги энергетикалык объектилеринин иши менен таанышуу жана Каракол шаарында

Салык кызматы коррупцияга каршы саясатты күчөтүү аракетинде

Салык кызматы коррупцияга каршы саясатты күчөтүү аракетинде

Мамлекеттик салык кызматы коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында коррупциянын алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө. Салык кызмтыныны маалыматына ылайык, салык органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу иштерин күчөтүү максатында, атайын ыйгарым укуктуу өкүл болуп КРнын Башкы прокуратурасынан юстиция майору Акылбек Ахматов дайындалган. Анын ишмердүүлүгү методикалык