TEZ JET авиакомпаниясы Жалал-Абадга каттамдарын кыштын аягына чейин кыскартты

TEZ JET авиакомпаниясы Жалал-Абадга каттамдарын кыштын аягына чейин кыскартты

Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багытындагы аба каттамдарынын саны жумасына төрт рейске чейин кыскарды. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына авиакомпаниянын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Буга чейин каттамдар күн сайын жүргүзүлүп келген, бирок жетекчилик кыш мезгилинде аларды жумасына төрткө чейин кыскартууну чечкен.

«Учурдагы каттамдар туруктуу эле болот, бирок дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү жумасына төрт жолу гана аткарылат. Бул график февраль айында дагы уланат», – деп белгиледи компаниянын өкүлү.

Белгилей кетсек, компаниянын сайтында белгиленген күндөргө билеттер сатылууда.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “Манас” эл аралык аэропортунун өкүлдөрүнөн Бишкектен Жалал-Абадга авиакаттамдардын жок болуп жатканын сурашканда, расмий өкүлдөр бул суроого жооп бере алышкан жок.


Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат — бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн

Ош аэропортунда жүк таңгактагандар күнүнө 150 миң сомдон табышат, бирок салык төлөшпөйт

Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйөт

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын