Товарлардын сапатын «Текшер» тиркемеси аркылуу текшерип, даттанууну да ошол жерден берүүгө болот

Товарлардын сапатын «Текшер» тиркемеси аркылуу текшерип, даттанууну да ошол жерден берүүгө болот

Кыргызстандыктар “Текшер” мобилдик тиркемеси аркылуу товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын өз алдынча текшере алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Салык кызматы тарабынан товарларды маркалоонун улуттук оператору – “Альфа Телеком” ЖАК менен биргеликте ишке киргизилген “Текшер” тиркемеси элдик контролду жүргүзүүгө жана сапатсыз товарларды өндүрүү жана сатуу менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет.

Текшерүү үчүн “Текшер” тиркемесин жүктөп алып, товардын таңгагында жайгашкан маркалоо кодун сканерлөө керек. Эгерде кандайдыр бир бузуулар же сапатсыз товарлар аныкталса, даттанууну түздөн-түз ушул тиркеме аркылуу берүүгө болот. Ошол эле учурда даттанууну берген жарандар алардын кайрылуусу кайсы баскычта экендигин байкап, ошондой эле контролдук иш-чаралардын жыйынтыктары менен тааныша алышат.

“Текшер” тиркемеси аркылуу маркалоо кодун сканерлөө менен продукция жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде товардын толук аталышын, аны өндүрүүчү жөнүндө маалыматты, товардык белгини/брендди, товар чыгарылган өлкөнү, товардын шайкештигин ырастоочу документтин түрүн алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын