Улуттук банк: Акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар жетиштүү

Улуттук банк: Акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар жетиштүү

Улуттук банк 2023-жылдын 14-15-январында мониторинг жүргүзүп, банктарда жана акча алмашуу бюролорунда накталай чет өлкө валютасы кардарларды эсептик-кассалык тейлөө үчүн жетиштүү деген жыйынтыкка келген. Бул тууралуу регулятор өзү маалымдады.

Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жана талдоо жүргүзүп турарын белгиледи. Зарыл убакта, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында, Улуттук банк тарабынан акча-кредит саясатынын тиешелүү инструменттери колдонулуп турат.

“Ошол эле учурда, талаптарды сактоо жана экинчилик рынокто валютаны сатуу менен алектенген адамдар тарабынан алып-сатарлык бүтүмдөргө жол бербөө максатында, нак чет өлкө валютасын сатуу суммасына ички лимит белгилениши мүмкүн”, – дейт регулятор.

  • Эгерде акча алмаштыруучу жайларда же коммерциялык банктарда чет өлкө валютасы тактада көрсөтүлгөндөй эмес, башка курс менен сатылып же алынып жатса, анда Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0312 61-04-86 же WhatsApp каналына 0551 890000 кайрылсаңыз болот.

Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды — бирок баары бир доллар дефицит

Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат

Улуттук банк быйылкы жылы биринчи интервенциясын жүргүзүп, дароо 104 млн доллар сатты

Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт — Улуттук банк

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын