IFC жана минкаб кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясынын пилоттук долбоорун иштеп чыгат

IFC жана минкаб кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясынын пилоттук долбоорун иштеп чыгат

Кыргызстанда кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясын куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен пилоттук долбоор иштелип чыгат. Бул долбоор келечекте башка долбоорлорду ишке киргизүү үчүн үлгү катары колдонулмакчы.

18-январда Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен министрлер кабинети күн станциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча өнөктөштүгү тууралуу жарыялашты.

Ведомстводон билдиришкендей, IFC Энергетика жана Экономика министрликтерине пилоттук күн фотоэлектр станциясын куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке сектордун тажрыйбасын жана капиталын тартуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) түзүүгө жардам берет.

“Долбоор Дүйнөлүк банк тобунун Күн энергетикасын масштабдоо программасынын алкагында иштелип чыгат, ал өкмөткө тендер өткөрүүдө жана жеке каржыланган күн долбоорлорун иштеп чыгууда жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү терезе болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.

Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрү транзакциялар боюнча кеңешчи катары IFC өкмөттөргө долбоорлордун деталдуу изилдөөлөрүн жүргүзүүгө, коомдук муктаждыктарга эң жакшы жооп берген жана инвесторлор үчүн жагымдуу структуралаштыруу варианттарын баалоого жардам берерин кошумчалады. Уюм ошондой эле өкмөткө квалификациялуу жеке өнөктөштү аныктоо үчүн ачык жана атаандаштык тендер өткөрүүгө жардам бермекчи.

IFC маалыматы боюнча, Scaling Solar программасы ийгиликтүү болуп, атаандаштыкка жөндөмдүү тарифтерди камсыз кылды. Бул программа боюнча Өзбекстан, Сенегал жана Замбияда электр станциялары ийгиликтүү ишке киргизишкен.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясын куруу боюнча пилоттук МЖӨ долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жана башка чоо-жайы тууралуу маалымат берилген жок.

Ошондой эле буга чейин Кыргызстанда курула турган күн электр станциялары тууралуу бир канча жолу келишимдер болгону менен алардын бири дагы иш жүзүнө аша элек.


«Күн Булагы» деп аталган казак-кыргыз биргелешкен ишканасы түзүлдү — 35 млн долларлык күн электр станциясы курулат

Кыргызстанда биринчи күн станциясы курулат – аны Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн долларга каржылайт

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын