«Кыргыз темир жолу» өткөн жылы 7.2 млн тонна жүк жана 248 миң жүргүнчү ташыды

“Кыргыз темир жолу” 7.2 млн тонна жүк жана 248.5 миң жүргүнчү ташыды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Салыштырмалуу 2021-жылдын 11 айында 6915 млн тонна жүк, 248 миң 585 жүргүнчү ташылган. Ишкана эл аралык каттам менен 12 миң 906 жүргүнчү ташыганын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, өлкө ичинде “Бишкек – Токмок”, “Бишкек – Кайыңды” каттамы күнүгө жүрөт. Ал эми эл аралык “Бишкек – Самара”, “Бишкек – Казань”, “Бишкек – Новосибирск” каттамдары да бар. Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер 2022-жылдын 6-июнунан баштап жанданды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды