Улуттук банк 2022-жылы дээрлик 9.5 млрд сом киреше алды

Улуттук банк 2022-жылы дээрлик 9.5 млрд сом киреше алды

Улуттук банк, алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылы 9 млрд 437 млн сом киреше алды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 244 млн сомго (+2.7%) көп, ал кезде жөнгө салуучу органдын кирешеси 9.19 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында берилген.

2022-жылдын 31-декабрына карата Улуттук банктын активдери 395.7 млрд сомду түздү (2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу +26%). Милдеттенмелер 339.4 млрд сомго чейин көбөйгөн (+35%). Жалпы капиталы 56.3 млрд сомду түздү.

Эске салсак, 2021-жылдын аягында Улуттук банк 10.9 млрд сом киреше тапкан. 2020-жылы регулятор жылдын жыйынтыгы боюнча 8.5 млрд сом өлчөмүндө киреше тапкан.


Улуттук банк: Акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар жетиштүү

КРнын бүт банк системасындагы АКШ долларынын жалпы көлөмү учурда 650 млн долларды түзөт

23 акча алмаштыруу жайы өткөн жылы Улуттук банкка жалпысынан 1.2 млн сом айып пул төлөштү

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын