Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди

Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарындагы жана Кадамжай районундагы ооруканалардын, мектептердин жана бала бакчалардын кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аймактагы өкүлүктөн маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, социалдык маанилүү объектилерге жылуулук берүү 2026-жылдын 19-октябрында, ал эми калган керектөөчүлөргө 2-ноябрда башталган. Учурда жылуулук белгиленген тартипте берилип жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамыржан Рахимов көмүр менен жылытууга жаңыдан өткөрүлгөн объектилердин абалы менен да таанышты. Ал мекеме жетекчилерине көмүр запасын толуктоо, электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.

Быйыл облустун саламаттыкты сактоо тармагына 3 миң тонна көмүр керектелет. Анын 92 %ы жеткирилген. Ал эми билим берүү мекемелерине зарыл болгон 16 миң тонна көмүрдүн 74 %ы ташылган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат