Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

19-ноябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов STMP Group эл аралык инженердик-инвестициялык компаниялар тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика жана өнөр жай тармактарындагы инвестициялык кызматташтыктын келечегин, анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, энергетикалык объекттерди модернизациялоо жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Маалыматка караганда, STMP Group компаниясынын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын, анын ичинде долбоорлоо, курулуш, жабдууларды жеткирүү жана каржылоону тартууну камтыган EPC жана EPC+F форматтарындагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара кызматташууга жана келечектүү багыттар боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти