«Манас» аэропорту боюнча маселе ачык бойдон турат - ММБФ

«Манас» аэропорту боюнча маселе ачык бойдон турат - ММБФ

Кечээ, 23-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров “Манас” эл аралык аэропорту” тууралуу бир катар маалымат берди.

Жыйында депутат Таалайбек Сарыбашов “Манас” аэропорту боюнча бийликтин позициясы кандай экенине кызыкты.

ММБФнын төрагасы “Манас” эл аралык аэропортунун” 79% үлүшүнө мамлекет ээлик кыларын, аэропорт 2021-жылы 4 млрд сом таза пайда менен чыкканын жана 2022-жылды 5 млрд сом менен жыйынтыктаганы жатышканын айтты.

“Ошого ылайык, кызыккан тараптар да жок эмес. Экономика жана коммерция министрлиги менен Дүйнөлүк банктын тобуна кирген IFC менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, МЖӨ ыкмасында ачык сынак менен инвестор тандап алуу каралган. Бирок анда бир гана “Манас” аэропорту боюнча болгон.

Эки аэропортту бирдей модернизациялоо үчүн сунушту Түркия, Араб мамлекеттери киргизип жатат. Бүгүн маселе ачык бойдон турат, конкреттүү эч бир компания менен келишим түзүлгөн жок”, – деди Бакиров.

Эскерте кетсек, буга чейин Бакиров «Манас» эл аралык аэропортунун» 10% үлүшүн эл аралык соодага чыгаруу максатында IPOго коюу каралып жатканын билдирген болчу.


«Манас» аэропорту 5-миллионунчу жүргүнчүсүнө 100 миң сомдук сертификат тапшырды

«Манас» аэропортуна инвестиция жана тез арада учуу тилкесин реконструкциялоо керек — Бекешев

Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат — бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын