Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Фермерлерге асыл тукум мал үчүн 3%дык чен менен берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет субсидия кылат. Бул тууралуу Мал чарбачылык жана ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаров "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, банктарга насыянын 12%ы республикалык бюджеттен төлөнүп берилет. Каландаров жеңилдетилген насыя көп адамга жетиш үчүн лимит да коюлганын белгиледи.

"Бир адам эле 100 млн сомго чейин алып койбосун дедик да. Асыл тукум алам дегендерге 500 миң сомго чейин күрөөсүз, 500 миңден 20 млн соиго чейин күрөө менен берилет", - деди ал.

Каландаров жыл башынан бери фермерлерге 1 млрд 232 млн сом насыя 200дөн ашык адамга берилгенин тактады.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар