Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 2026-жылдын алгачкы 10 айында 693,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-ноябрда Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1,1 трлн сомдон ашып, план дээрлик 400 млрд сомго ашыкча аткарылган.

Ошондой эле 2026-жылы айлык акылар 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып 2 жолу жогорулатылып, президенттик компенсациялар киргизилген.

Инвестициялар жана жумуш орундары

Касымалиевдин маалыматына караганда, 2025-жылы 273 миң, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 88,3 миң жумушчу орун түзүлгөн.

Негизги капиталга инвестициялар 2026-жылдын 10 айында 422,9 млрд сомго жетип, 62,9 %га өскөн. Түз чет элдик инвестициялар 2025-жылы 1 млрд 310,8 млн долларды түзсө, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 26 %га өсүп, 709,9 млн долларга жеткен.

Мындан тышкары, S&P, Fitch жана Moody’s эл аралык рейтинг агенттиктери Кыргызстандын кредиттик рейтингдерин туруктуу деңгээлде ырасташкан.

Тышкы соода жана ишкерлерге жеңилдиктер

2026-жылдын алгачкы тогуз айында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 16,6 %га өсүп, 14,1 млрд долларды түзгөн. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен сооданын көлөмү 2025-жылы 6,8 млрд долларга жакындаган.

Ишкерлер үчүн насыялар жылына 6 %дык үстөк менен, ал эми тигүү тармагына 0 % менен берилүүдө. Бизнес жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 439га чейин кыскартылган.

Ошондой эле 2025-жылдын 1-январынан тартып транспорт салыгы жоюлуп, акциздик товарлардан башка бардык товарларга ЭТТН талабы алынган. Зергерлер үчүн салык ставкасы 0,25 %га чейин төмөндөтүлгөн.

"Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ири объектилерди курууга уруксат алуу мөөнөтү 180 күндөн 60 күнгө чейин кыскарган. Оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө уруксат берүү онлайн форматка өткөрүлүп, үч күндөн бир саатка чейин кыскарган. Ал эми санитардык паспорт алуу мөөнөтү сегиз күндөн төрт күнгө түшүрүлгөн.

Өнүктүрүү фонддорунун каржылоосу

Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, 2025-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 176 долбоорго 239,4 млн доллар, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду 37 долбоорго 85,4 млн доллар, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 6 долбоорго 12,9 млн доллар бөлгөн.

Ал эми Араб координациялык өнүктүрүү фонду 76,7 млн долларлык 11 инвестициялык долбоорду жактырган.

Банк секторунун активдери 1,5 трлн сомдон ашты

Банк секторунун активдери 2026-жылдын 1-октябрына карата 24,2 %га өсүп, 1 трлн 504,8 млрд сомду түзгөн.

Мамлекеттик банктардын уставдык капиталы да көбөйтүлгөн. Атап айтканда, "Айыл Банктын" капиталы 79,8 млрд сомго, "Элдик Банктыкы" 81,3 млрд сомго, ал эми Өнүктүрүү банкыныкы 22,7 млрд сомго жеткен.

"Элдик Банк" менен "Айыл Банктын" жалпы насыя портфели 229,6 млрд сомду түзгөнүн МинКаб башчысы белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?