Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады
“Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фонду жана Яндекс Кыргызстан турмуштук оор кырдаалга кабылган: жалгыз бой энелер, өздөрү, жолдошу же балдары оор илдетке кабылган же майыптыгы бар курьер-аялдарды колдоо программасын ишке киргизди. Колдоонун түрүн жана көлөмүн фонд ар бир учурга жараша аныктайт. Пилоттук форматтагы бул программага ылайык - азыр сегиз аял фонддон жардам алып жатышат.
Программанын катышуучулары психологиялык, юридикалык жана гуманитардык жардам ала алышат. Фонд колдоонун түрүн ар бир аялдын жагдайына жараша жекече тандайт. Мисалы, юристтин кеңешин уюштурууга, азык-түлүк же балдар үчүн керектүү буюмдарды сатып алууга жардам берет.
Программа Яндекс Go ичиндеги Тамак же Жеткирүү сервистеринин буйрутмаларын аткарган курьерлер-аялдарга арналат. Арыз берген учурда курьердин профили активдүү болушу, кызматташтык кеминде төрт жумадан бери уланып келиши жана катышуучу сервистин стандарттарын сакташы шарт. Жалгыз бой эне статусун, майыптыгын же оор илдетин тастыктоо үчүн фонд тиешелүү документтерди талап кылышы мүмкүн. Жардам көрсөтүү жөнүндө чечимди фонд кабыл алат.
“Ар бир арыздын артында өзүнчө окуя жана жагдайлар турат, ошондуктан биз үчүн жөн гана жардам көрсөтүү эмес, ар бир аялдын абалын түшүнүп, ага чындап зарыл болгон колдоону тандоо маанилүү. Көп жылдык ишибиздин жүрүшүндө оор жагдайга кабылган аялдар менен балдардын кесипкөй жардамды өз убагында алып, көйгөйлөрү менен жалгыз калбашы канчалык маанилүү экенине ынандык. Биз колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзгөн Яндекс Кыргызстан менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз”, - деп белгиледи, “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Назгул Турдубекова.