GIZ Кыргызстанда аймактык сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорун баштайт

Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) 2024-жылы Кыргызстанда аймактык сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорун баштайт.

Министрликтин маалыматына караганда, 7-февралда Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун өлкө боюнча директору Виктор Вецел мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда аймактарды өнүктүрүү, соода, транспорт коридорлору, жашыл экономика, өзгөчө аз көмүртектүү транспорт маселелери талкууланды.

“Өз кезегинде Вецел GIZ жашыл экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын, ошондой эле 2024-жылдан тарта аймактык сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашырууну жарыялады”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары түрдүү тармактарда кызматташуу жана учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар