ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2026-жылдын 17-ноябрында жарыялаган “Transition Report 2026–27: Frontiers of Competitiveness”  баяндамасында Кыргызстандын экономикасына жаңы баа берди. Талдоочулар өлкөнүн каржы рыногунун туруктуулугу жогорулаганын белгилешкени менен, мамлекеттик башкаруу тармагында артка кетүү бар экенин көрсөтүштү.

Банктар жана финансылык рынок позициясын бекемдеди

ЕРӨБ Кыргызстандын финансылык туруктуулук боюнча упайын 4,45тен 4,56га көтөрдү. Банк эксперттери мындай оң динамиканы төмөнкү факторлор менен байланыштырат:

  • Банк секторунун бекемделиши. Коммерциялык банктарда көйгөйлүү насыялардын үлүшү кыскарып, капиталдын жетиштүүлүгү жана ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрү жакшырды.
  • Фондулук рыноктун өсүшү. Өлкөдөгү баалуу кагаздар рыногунун капиталдашуусу ИДПга карата өсүп, соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйдү.
  • Атаандаштыкка жөндөмдүүлүк. Бул багытта да өлкөнүн көрсөткүчү 4,04төн 4,08 упайга жогорулады.

Мамлекеттик башкаруу боюнча баанын төмөндөшү

Ошол эле учурда ЕРӨБ мамлекеттик башкаруу сапаты боюнча Кыргызстандын упайын 4,41ден 4,34кө түшүрдү. Мындан улам Кыргызстан башкаруу көрсөткүчтөрү начарлаган өлкөлөрдүн катарына кирди. Банктын түшүндүрмөсү боюнча, буга эки негизги себеп таасир эткен:

  1. Каржылык коопсуздук стандарттары. Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү (AML/CFT) боюнча эл аралык стандарттардын сакталышына байланыштуу маселелер жаралган.
  2. Сөз эркиндиги. Басма сөз ркиндиги боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү коррупцияны кабыл алуудагы оң жылыштарды жаап кеткен.
ЕРӨБ бул баалоолор негизинен 2025-жылдын аягына чейинки окуяларды камтый турганын жана 2026-жылдагы акыркы өзгөрүүлөр азырынча эсепке алына электигин тактаган.

 ЕРӨБдүн баалоосундагы Кыргызстандын көрсөткүчтөрү (таблица)

Экономикалык өсүш божомолу

Economist.kg басылмасынын маалыматына караганда, 2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстандын реалдуу ИДПсы 11,1%га өскөн. Буга негизинен курулуш, тейлөө, өнөр жай жана негизги капиталга салынган инвестициялардын (58,8% өсүш) жогорку активдүүлүгү түрткү болгон.

Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча ЕРӨБ Кыргызстандын экономикасы 2026-жылы 8,7%га, ал эми 2027-жылы 7%га өсөт деп божомолдоодо. Эксперттер ишкерлер үчүн тышкы соодадагы логистикалык чектөөлөр жана санкциялык тобокелдиктер негизги чакырык бойдон кала берерин эскертишет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү