Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?
Бишкектеги жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатканын борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматта кечээ, 18-ноябрга карата станциянын жеткиликтүү электр кубаттуулугу 370 МВтты түзгөнү айтылат. Бир сутка ичинде электр энергиясын өндүрүү көлөмү 8 961 миң кВт/саатка, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү 8,4 миң Гкалга жеткен.
Жалпысынан ЖЭБде 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 энергоблоктор орнотулган. Учурда 9 казан агрегаты жана 6 турбоагрегат иштеп жатат. Ал эми кампада 250 миң 708 тонна көмүр бар.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу