«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы жарыяланды

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы жарыяланды

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат.

Лотереяга катышуу үчүн “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Ал эми тиркеменин колдонуучулары аны жаңыртуу зарыл.

Ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылыңыз. Андан кийин кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүңүз.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташууну күчөтөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында бир катар энергетикалык жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Сапардын жүрүшүндө министр Жухай шаарындагы өндүрүштүк объекттерди жана ShuiFa Group корпорациясын көрүп чыгып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстан менен ShuiFa корпорациясынын ортосунда энергетикалык

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Кыргызстанда 30-марттан 3-апрелге чейин “Акчаны акыл менен башкар — үйүңдө береке болсун» деген ураан алдында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы болот. Бул ишчара өлкөнүн бардык аймактарын өзүнө камтып, жаштардын финансылык билимин жогорулатууга басым жасалмакчы. Мындай билдирүүнү иш-чаранын демилгечиси болгон КРнын Улуттук банкынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, иш-чара финансы-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар, ошондой эле

Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Маалыматка ылайык, 1-февралга карата Бишкектеги элдин саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында - 485,7 миң адам. Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам болсо, Жалал-Абад

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында 330 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 36,9 млн сомдон ашуун каражат жумшалды. Натыйжада имарат толугу менен жаңыланып, заманбап шарттар түзүлдү. Ачылыш аземине катышкан облус башчысы Тилек Текебаев