Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында 330 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 36,9 млн сомдон ашуун каражат жумшалды. Натыйжада имарат толугу менен жаңыланып, заманбап шарттар түзүлдү.

Ачылыш аземине катышкан облус башчысы Тилек Текебаев бала бакчалар балдардын интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүндө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ал ошондой эле социалдык объекттерди куруу жана жаңылоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Мындан тышкары, акыркы жылдары Ноокен районунда, айрыкча билим берүү тармагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарын аймагында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта жана Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 2,5 баллга

Таласта курулуп жаткан объекттилер текшерилди

Таласта курулуп жаткан объекттилер текшерилди

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Талас облусунда жүрүп жаткан курулуш иштерин текшерди. Эрмат Жумаев облус кире беришиндеги арканын оңдоп-түзөлүшү, респойнттун курулушу, ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Талас районунун Шумкар-Уя

Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктары тазаланууда

Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктары тазаланууда

Учурда Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктарынан тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен аталган унаа жолдун 45–46-чакырым аралыгында сел жүргөн. Кырдаалга байланыштуу тиешелүү жол тейлөө кызматтары ыкчам аракеттерди көрүп, аймакка

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Аламүдүн Райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейд жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаа жана эндуро мотоциклдери менен жайыт жерлерге кирип, чөп катмарын тепселеп, жаратылышка зыян келтирген жарандар аныкталды. Аталган фактылар