Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташууну күчөтөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында бир катар энергетикалык жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө министр Жухай шаарындагы өндүрүштүк объекттерди жана ShuiFa Group корпорациясын көрүп чыгып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстан менен ShuiFa корпорациясынын ортосунда энергетикалык инфраструктураны, анын ичинде заряддоо станцияларын жана энергия сактоо системаларын өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Ошондой эле NUCL New Energy Tech компаниясы менен электр заряддоо станцияларын өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Компания Кыргызстан менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Zhejiang Anfu Energy компаниясы менен жабдууларды жеткирүү жана технологияларды локалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, бул кызматташтык Кыргызстанда энергетика тармагын модернизациялоого жана туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү