Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет маалымдады.

Маалыматка ылайык, 1-февралга карата Бишкектеги элдин саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында - 485,7 миң адам.

Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам болсо, Жалал-Абад облусунда 1 млн 381,8 миң адам, Чүй облусунда 983,7 миң адам, Баткен облусунда 605,3 миң, Ысык-Көл облусунда 554,3 миң жана Нарын облусунда 316,2 миң адам бар. Эң аз эл - 282,9 миң адам Талас облусунда жашайт.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мекемесинин маалыматына караганда, 2026-жылы январь айында 10,9 миң ымыркай катталган, ошол эле учурда 2,7 миң киши кайтыш болгон.

Натыйжада калктын табигый өсүүсү 8,2 миң адамды түздү.

Статкомдун маалымдашынча, 1-февралга карата орточо эмгек акы 45 797 сомду түздү. Эң төмөнкү пенсия 7500 сом.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү