«Тазалыктын» экс-директору Рысбек Сарпашев кармалды

«Тазалыктын» экс-директору Рысбек Сарпашев кармалды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору Рысбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, Сарпашев 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана куйуучу-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

«Аталган кылмыш ишинин алкагында соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» МИнин бюджетине 5 млн сомдон ашык суммада зыян келтирилген», – деп мекеме белгиледи.

Мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан.

Учурда Сарпашев КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташууну күчөтөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында бир катар энергетикалык жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Сапардын жүрүшүндө министр Жухай шаарындагы өндүрүштүк объекттерди жана ShuiFa Group корпорациясын көрүп чыгып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстан менен ShuiFa корпорациясынын ортосунда энергетикалык

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Кыргызстанда 30-марттан 3-апрелге чейин “Акчаны акыл менен башкар — үйүңдө береке болсун» деген ураан алдында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы болот. Бул ишчара өлкөнүн бардык аймактарын өзүнө камтып, жаштардын финансылык билимин жогорулатууга басым жасалмакчы. Мындай билдирүүнү иш-чаранын демилгечиси болгон КРнын Улуттук банкынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, иш-чара финансы-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар, ошондой эле

Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Маалыматка ылайык, 1-февралга карата Бишкектеги элдин саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында - 485,7 миң адам. Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам болсо, Жалал-Абад

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында 330 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 36,9 млн сомдон ашуун каражат жумшалды. Натыйжада имарат толугу менен жаңыланып, заманбап шарттар түзүлдү. Ачылыш аземине катышкан облус башчысы Тилек Текебаев