Жалал-Абад облусунунда 78 лицензиясыз жеке менчик стоматологиялык клиниканын ишмердиги токтолду

Жалал-Абад облусунунда 78 лицензиясыз жеке менчик стоматологиялык клиниканын ишмердиги токтолду

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын (кабинеттердин) ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталды. Мындан улам, санитардык коопсуздуктун көп сандаган бузуулары (санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу шарттары ж.б.) катталган.

Мындан тышкары, Юридикалык жактын юстиция жана салык органдарында катталбагандыгынын жана көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруунун фактылары аныкталган.

Текшерүү учурунда, адамдардын көпчүлүгүнө протездөө, имплантация, тиштерди хирургиялык жулуп алуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн.

Учурда бул клиникалардын ишмердүүлүгү токтотулуп, салык кызматы жана башка ведомстволор ушул категориядагы медициналык мекемелердин ишин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын изилделүүсүнө жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлеринин ичинен атайын комиссия түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды

Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды

Бүгүн, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумушчу сапары менен келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышмакчы.

Чет өлкөгө жумушка жөнөтөм деген алдамчылар көбөйдү

Чет өлкөгө жумушка жөнөтөм деген алдамчылар көбөйдү

Чет өлкөгө ишке орноштурам деп жарандардан акча алган шылуундар көбөйдү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жарандар агенттиктерди www.migrant.kg расмий сайты аркылуу текшериши керек. Бул жерде лицензиясы бар бардык мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Балта шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте М. Ибраимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциясын өткөрүштү. Иш-чара Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк күндүн алкагында уюштурулуп, керектөөчүлөрдүн укуктары жана аларды коргоо механизмдери тууралуу маалымат

"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды

"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөкпулун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводо билдиришти. Министр Канат Сагынбаев жөлөкпул Президенттин демилгеси менен киргизилип жатканын белгилеп, ал үч жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнөрүн айтты. Жөлөкпул балдардын тамактануусун жакшыртууга, кам көрүү шарттарын