Келе жаткан ишемби жумуш күнү!

Келе жаткан ишемби жумуш күнү!

Кийинки ишемби, 25-март Кыргызстанда иш күнү болорун эскертебиз.

Иш күнүн 25-март, ишембиге жылдыруу чечимин өкмөт Кыргызстан элине жаңы жылдык эс алуусун толук кандуу өткөрүү максатында былтыр жылдын аягында кабыл алган. Өлкө 1-8-январга чейин эс алды. Ал эми келерки ишембиде беш күндүк иш жумасынын кызматкерлери, биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери эс алуу күндөрүнүн бири – 6-январда иштеши керек.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев, Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көл облустарындагы объектилерди кыдырат

А.Касымалиев, Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көл облустарындагы объектилерди кыдырат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Президенттин Администрациясынын Ситуациялык борборунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн аймактарындагы актуалдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана социалдык-экономикалык абал менен кеңири таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Ситуациялык борбордун санариптик инструменттери

Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга күн электр станцияларын курууга кызыкдар болууда

Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга күн электр станцияларын курууга кызыкдар болууда

12-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “RHOFA Energy” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир баштаган Түркия Республикасынан келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагында эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында, тагыраагы Кыргызстанда

“Бишкек жылуулук электр борборунун” кышка даярдыгы текшерилди

“Бишкек жылуулук электр борборунун” кышка даярдыгы текшерилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын пландуу оңдоо иштери, 2025-2026-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгы жана экономика тармактары менен калкты 2026-2027-жылдардын жылытуу мегилине карата даярдоо боюнча жеринде таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек ЖЭБинин

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда көпүрө курулууда

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда көпүрө курулууда

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 140-чакырымында жайгашкан көпүрөдө курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда объектте көпүрөнүн тирөөч жана каптал дубалдарын куруу боюнча негизги жумуштар аткарылууда. Курулуш аянтчасында арматураларды монтаждоо, калыптарды орнотуу жана бетон куюу процесстери жүргүзүлүп жатат. Иштер атайын техникалардын жардамы менен