Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон.

Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке өзү барып, аны капиталдык реконструкциялоону тапшырганын эске салды. Цирк жаңыланып, тийиштүү шарттар түзүлгөнүнө карабай, узакка созулган ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылганын белгиледи.
Нурлан Конокбаев — Казакстандын жараны. Ал Кыргыз улуттук консерваториясын режиссёр-хореограф адистиги боюнча аяктаган жана чыгармачылык тармакта эл аралык тажрыйбага ээ.
Садыр Жапаров жаңы директорго кыска мөөнөттө жамааттагы жагымдуу иш чөйрөсүн калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана цирктин ишин натыйжалуу уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартуу, көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн көбөйтүү жана цирктин программасын кеңейтүү милдети коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ишкерлерге салыктык жеңилдиктер сунушталууда

Кыргызстанда ишкерлерге салыктык жеңилдиктер сунушталууда

2026-жылдын 1-октябрында Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинети демилгелеген салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ ишкерлерге салыктык жеңилдиктерди берүүнү жана айрым салыктардын ставкаларын төмөндөтүүнү карайт. Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды. Тигүүчүлөргө, текстиль өндүрүүчүлөргө жана электрондук соода менен алектенгендерге жеңилдик Долбоорго ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media